Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Мажарстандын Президенти кызматына шайланышы менен Андраш Баканы куттуктады.
“Сиздин президенттик мөөнөтүңүз Мажарстандын мындан аркы өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү, мажар элинин ынтымагынын бекемделиши жана бакубаттуулугунун жогорулашы менен коштолот деп ишенем.
Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы өз ара урматтоого, ишенимге жана элдерибиздин тарыхый-маданий жакындыгына негизделген салттуу достук мамилелерди өзгөчө жылуу сезим менен белгилейм.
Кыргызстан менен Мажарстандын ортосунда жетишилген стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин жогору баалайм. Соңку жылдары ал туруктуу жана көп кырдуу мүнөзгө ээ болду.
Өлкөлөрүбүздү байланыштырып турган достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн салттары мындан ары да эки тараптуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Мажарстандын элдеринин кызыкчылыктарына жооп берген жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга бекем негиз болуп берет деп ишенем.
Улуу Мартабалуу Сизге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Мажарстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, - деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.