13-августта саат 02:49да Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогундагы күчү 3,5 баллды түзгөн. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда, Кара-Сай айылынан 22 чакырым түндүк-чыгышта, Барскоон айылынан 53 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Калктуу аймактарда жер титирөөнүн күчү Кара-Сай айылында 2,5 балл болгон.