Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иштер күчөтүлүүдө
Новость

Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иштер күчөтүлүүдө. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда президентти аталган облустагы өкүлү Мамыржан Рахимовдун буйругу кабыл алынып, облустук штабдын курамы жана иш-чаралар планы бекитилди. 

Ага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары, акимдердин биринчи орун басарлары, ошондой эле Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларынын мэрлеринин орун басарлары менен жыйын өткөрдү.

Жыйында күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү, калкты көмүр менен камсыз кылуу, көмүр базаларын ачуу, көмүрдүн баасын туруктуу кармоо жана көзөмөлдөө, өндүрүштүк объектилерди электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Билим берүү тармагында облус боюнча 431 билим берүү мекемесине жалпы 17 405 тонна көмүр керектелет. Учурда көмүр сатып алуу боюнча келишимдер түзүлүүдө.

Саламаттык сактоо тармагында 257 мекемеге жалпы 3 038,4 тонна көмүр керектелет. Көмүр сатып алуу боюнча тендерлер өткөрүлүп, келишимдер түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата 80 тонна көмүр жеткирилди.

Калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча Баткен облусунун калкына 101 миң тонна көмүр талап кылынат. Райондордун жана шаарлардын аймагында 68 көмүр сатуучу түйүн уюштурулуп, анын ичинен 21и муниципалдык көмүр сатуучу түйүн болуп саналат.