Быйылкы жылытуу сезонуна карата көмүрдүн баасы бекитилди
Новость

Быйылкы жылытуу сезонуна карата калк үчүн көмүрдүн баасы белгиленди. Ага ылайык, Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомдон сатылат.

Ал эми Чүй облусунда баа аймакка жараша өзгөрөт. Мисалы, Кемин районунда бир тонна көмүр 6 миң 600 сом, Панфилов районунда 7 миң 500 сомго чейин белгиленди.

Белгиленген баага көмүрдү ташууга кеткен транспорттук чыгымдар жана отун кампаларынын чыгымдары да кирет.

Мындай баалар жылытуу мезгилинде калкты көмүр менен камсыздоону туруктуу жүргүзүүгө багытталган. Өлкөдө көмүр сатуу пункттарынын иши жана отундун запасын даярдоо боюнча иштер да жүргүзүлүүдө.