КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы үч даана JAK T9 үлгүсүндөгү жаңы автоунаа сатып алды.
Жаңы автоунаалардын ачкычтарын Токой кызматынын директору Нургазы Чодоев Токойлорду коргоо жана сактоо станциясына, Токой долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнө жана Токой жайгаштыруу жана аңчылык регионалдык башкармалыгына тапшырды.
Маалыматка ылайык, жаңы техникалар аталган түзүмдөрдүн мобилдүүлүгүн жогорулатып, техникалык камсыздоосун жакшыртат.
Автоунаалар токойлордун абалын изилдөө, коргоо жана мониторинг жүргүзүү, токой чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле токой фондун жакшыртуу боюнча иштерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.


