Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун беш туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу өнөктүгүнүн жүрүшүндө абитуриенттерден жалпы 78,4 миң электрондук талон түштү.
Анын ичинен 26,6 миң талон бюджеттик орундарга, 51,8 миңи контракттык негиздеги орундарга берилген.
ЖОЖдор тарабынан 51 миң абитуриентти окууга кабыл алууга сунуш берилди. Алардын болжол менен 38 миңи, башкача айтканда 74 пайызы, тандаган адистиги боюнча окууга макулдугун ырастады. Ошондой эле кабыл алуу өнөктүгүнүн жүрүшүндө 3,8 миң абитуриент өз чечимин кайтарып алды.
Талондордун саны боюнча алдыңкы бештикке төмөнкү окуу жайлар кирди:
- Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — 13 423 талон;
- Кыргыз улуттук университети — 11 645;
- Ош мамлекеттик университети — 8 319;
- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы — 6 167;
- Бишкек мамлекеттик университети — 5 940.
ЖОЖдорго кабыл алуу өнөктүгү жалпы беш тур менен өтүп, акыркы тур бүгүн жыйынтыкталды.