"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасында дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алуунун мыйзамдуулугу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2024–2026-жылдары саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыгы эске алынбастан сатып алынган 74,1 миллион сомдук дары-дармектин 60 түрүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен.
Мындан тышкары, тиешелүү билдирмелерсиз 63,8 миллион сомдон ашык медициналык буюм сатып алынып, алар кампаларда пайдаланылбай калган.
Натыйжада мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 137 миллион 950 миң сом деп бааланууда.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337 жана 339-беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.