Баткенде 375 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулат
Новость

Баткен шаарында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында 375 орундуу заманбап мектептин курулушу башталды. Бүгүн жаңы билим берүү мекемесинин пайдубалына мезгил кутучасы салынды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле шаар тургундары катышты.

Мамыржан Рахимов өз сөзүндө жаңы мектеп шаардын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошорун белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү зарылдыгын айтты.

Ошондой эле ал Баткен облусу АРИС менен тыгыз кызматташып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов жаңы мектеп заманбап талаптарга жооп берген, таланттуу окуучуларды тарбиялоого шарт түзгөн алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири болоруна ишеним билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө курулушка мезгил кутучасы салынып, аксакалдар бата беришти.

Жаңы мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл болгон заманбап шарттар түзүлөт.