Баткен шаарында балдар ооруканасынын курулушу башталды
Новость

Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгында 75 орундуу заман талабына ылайык бардык шарттары бар балдар ооруканасынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана облустук-шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, ак халатчандар жана шаар тургундагы катышты.

Мындан сырткары 350 орундуу облустук оорукананын курулушу 2027-жылы башталат. Белгилей кетсек АРИС уюму тарабынан облустун район-шаарларында бир катар маанилүү социалдык обьекттилери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген болсо, айрым аймактарда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Мындан сырткары ондогон айылдарда калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашууда.