Кыргызстандын мектептерине орус тили боюнча 671 миң окуу китеби жеткирилет
Новость

 Россия Федерациясынан Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 671 миң даана окуу китеби жеткирилди. Бүгүн окуу китептерин кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча расмий иш-чара өттү.

Иш-чара окуу китептери сакталган кампада өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Тологон Аматов жана "Моя история" фондунун Эл аралык кызматташтык департаментинин жетекчисинин орун басары Павел Гнидин катышты.

Кыргызстанга 1-, 2- жана 5-класстын окуучулары үчүн "Орус тили жана окуу" предмети боюнча адаптацияланган окуу китептери жеткирилди. Китептер өлкөнүн жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттарына, ошондой эле билим берүү программаларына ылайык эки өлкөнүн басма үйлөрүнүн кызматташтыгында даярдалган.

Жаңы окуу жылында бул окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептердеги 1-, 2- жана 5-класстардын окуучуларын "Орус тили жана окуу" предмети боюнча окуу китептери менен толук камсыздоого мүмкүндүк берет.

Долбоор Кыргызстандын жана Россиянын Агартуу министрликтеринин колдоосу менен ишке ашырылып, эки өлкөнүн билим берүү жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.

Долбоорду "Моя история" гуманитардык илимдерди колдоо фонду "Просвещение" басмасы менен биргеликте ишке ашырууда.

Жакынкы күндөрү окуу китептери Кыргызстандын бардык райондорундагы жана шаарларындагы мектептерге толугу менен жеткирилет.

772853913_1039186758746991_8339734481161160075_n.jpg 148.73 KB