“Көк-Айгыр” чек ара бекетине электр жарыгы жеткирилди
Новость

Ат-Башы районунун Арпа өрөөнүндөгү “Көк-Айгыр” чек ара заставасына электр энергиясы тартылды. Бул үчүн 550 темир-бетон мамылары орнотулуп, 33 чакырым аба чубалгысы тартылды. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынын директору Бакыт Жолдошбеков билдирип, жакын арада жарык берилерин кошумчалады. 

“Көк-Айгыр” чегара заставасына жана “Үселек” көзөмөл постуна “Торугарт” көмөк чордонунан жаңы электр линиясы тартылды. Жалпысы 33 чакырым линия курулуп, 550  темир бетон мамылары орнотулду. Аталган аймактарга буга чейин электр жарыгы тартылган эмес экен. Негизинен линия курулуп бүттү, жакын арада кошулат”,- деди Жолдошбеков.