Нарындын электр тармактар ишканасы: Энергетиктер 98 пайыз кышка даяр
Новость

Нарындын электр тармактар ишканасы күз-кыш мезгилине  98 пайыз даяр. Бул туралуу  облусттук коллегияда сөз болуп, даярдыктар тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынын башчысы Бакыт Жолдошбеков маалымат берди. 

Анын айтуусунда, электр жабдууларын каптиалдык оңдоо жумуштары 23 миллион 825 миң сомого  пландалса, план ашыгы менен аткарылып алты ай ичинде  24 миллион 232 миң  сомдук жумуштар жасалган. Бул 101,7 пайызды түзөт.  

Ал эми учурдагы оңдоо 50 миллион сомго  мерчемделип, анын 48 миллион сому  же 98 пайызы өздөштүрүлдү.

Ошондой эле 306  чакырым  аба чубалгысы капиталдык, 4 миң 217 чакырым аба чубалгы  учурдагы оңдоодон өтүп, 4 миң 859 изолятор алмаштырылган. Мындан тышкары 167 көмөк чордондо капиталдык, 1 мин 326  көмөк чордондо техникалык тейлөө, 33 көмөк чордондо  учурдагы  оңдоо жумуштары жүргүзүлдү.