"Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругунда жаңы өткөрмө пунктунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда иш-чарага министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев, коруктун кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, министрликке караштуу мекемелердин кызматкерлери жана жаратылышты коргоо системасынын ардагерлери катышты.
Жаңы өткөрмө пунктту куруу коруктун инфраструктурасын жакшыртууга, аймакка кирүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана келгендер үчүн кыйла иреттүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Аземден кийин министрдин биринчи орун басары коруктун учурдагы ишмердүүлүгү, инфраструктуранын абалы менен таанышып, «Сары-Челекти» мындан ары өнүктүрүү боюнча жетекчилик менен биргеликте алдыдагы пландарды талкуулады.
"Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругу - Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш аймактарынын бири. Ал кооз Сары-Челек көлү, тоолуу токойлору жана өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн бай түрдүүлүгү менен белгилүү. Коруктун аймагы өлкөнүн жаратылыш мурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат жана Батыш Теңир-Тоонун уникалдуу экосистемаларын сактоодо өзгөчө роль ойнойт.