Бишкектеги Арча-Бешик конушунда жаңы мектептин курулушу кызуу уланууда
Новость

Бишкектеги Арча-Бешик конушунда жаңы мектептин курулушу кызуу уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой борбор калаада 20 мектеп курулууда. Алардын бири - Арча-Бешик конушундагы №79 мектепке 570 орундуу жаңы мектеп.

Объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, долбоор заманбап талаптарга ылайык ишке ашырылууда. Мектепте окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү жана спорт залы каралган.

Курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталып, үч кабаттуу имарат толугу менен тургузулуп, чатыры жабылып, сырткы фасады жасалды. Учурда ички жасалгалоо иштери жүрүп, сырткы спорт аянтчалары курулууда.

Курулуш-монтаждоо иштери министрликке караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүп, объекттин сапаты үзгүлтүксүз текшерилип жатат.

Аннотация 2026-08-13 170702.jpg 140.23 KB