Кызыл-Кыя шаарында курулуп жаткан 7 кабаттуу турак жай жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде текшерүүгө алынды.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы тарабынан Кулатов көчөсүндөгү, Пост ГАИ участкасында жайгашкан курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.
Маалыматка караганда жарандардын кайрылуусунда объектинин курулуш иштеринин жүрүшүндө коңшу үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болушу мүмкүн деген кооптонуу белгиленген.
Мындан улам курулуш объектисинин абалы жана жакын жайгашкан турак үйлөр текшерилип, тургундар тарабынан көрсөтүлгөн жаракалар объектте курулуш иштери башталганга чейин эле пайда болгондугу аныкталды.
Белгилей кетсек, аталган объект Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын башкы планынын талаптарына ылайык иштелип чыккан жумушчу долбоордун негизинде курулууда.
Объект боюнча мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу алынган жана 2026-жылдын 15-июлунда Мамлекеттик курулуш реестрине каттоого алынган.
Учурда “Ренессанс Констракшн” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери Баткен региондук башкармалыгынын адистери тарабынан көзөмөлдөнүүдө.