Мамлекеттик "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин "Е" станциясынын асма аркан жолунун курулушу активдүү темпте уланууда. Төмөнкү станцияда бетон иштеринин негизги бөлүгү толугу менен аяктады. Башкаруу жана станцияны тейлөө жайындагы бетондоо иштери да бүткөрүлдү. Жогорку станцияда негизги бетон иштери аткарылып, кызматтык жайдын дубалдары бетондолду.
Ошол эле учурда асма аркан жолунун линиялык инфраструктурасын монтаждоо иштери уланууда. Бүгүнкү күндө асма аркан жолунун 17 тирөөчү орнотулду.
Мындан тышкары, болочок комплекстин инфраструктурасы да өнүгүп жатат. Унаа токтотуучу жайдын аймагында А–Е октору боюнча плита жана А–В октору боюнча мамылар бетондолууда.
Бүгүнкү күндө объектте 50 адис эмгектенүүдө, 14 даана атайын техника иштеп жатат. Иштер бир нече тилкеде бир убакта жүргүзүлүп, курулуштун кийинки этаптарына ырааттуу өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.