Бишкекте жашы жете элек кыздын сөйкөсүн чечип, тоноого шектелген аял кармалды
Новость

Бишкекте жашы жете элек кыздын сөйкөсүн чечип, тоноого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 2026-жылдын 12-августунда болжол менен саат 15:22де милицияга А.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал болжол менен жарым саат мурун Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз кыз анын 2018-жылы туулган жашы жете элек кызы А.Э.ге келип, баланын кулагындагы алтын сөйкөлөрүн ачык түрдө чечип алып, окуя болгон жерден изин суутуп кеткендигин билдирген. Уурдалган буюмдардын баасы 40 000 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары токтоосуз жүргүзүлүп, анын натыйжасында 2005-жылы туулган С.Т. аттуу жаран аныкталып, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Учурда шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында шектүү кылмыш жолу менен алынган алтын сөйкөлөрдү мурда кайсы жерге сатып жибергенин көрсөткөн. Өз кезегинде аталган алтын буюмду сатып алган жарандар аны ыктыярдуу түрдө милиция кызматкерлерине далил катары өткөрүп беришкен.

Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталды. Учурда анын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.