Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата ипподромдо көк бөрү талаасы курулууда
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата ипподромдо жаңы көк бөрү талаасы курулууда. Учурда оюн талаасын даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жакында жаңы аянтча көчмөндөрдүн салттуу улуттук оюну - көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүүгө даяр болот.

Негизги аянтта инфраструктураны уюштуруу, көрүүчүлөр үчүн шарттарды түзүү жана иш-чараны өткөрүүгө керектүү иштер этап-этабы менен аткарылууда.

Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо "Көк бөрү" жана "Көкпар" боюнча мелдештер өткөрүлөт.