Бүгүнкү күндө өлкө боюнча дан эгиндерин жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Пландалган 617 миң гектар аянттын 57,1 пайызы, башкача айтканда 352,7 миң гектары жыйналып бүттү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,9 миң гектарга көп.
Кампаларга 985,1 миң тонна дан түшүрүлүп, дүң жыйым былтыркыга салыштырмалуу 6,9 пайызга өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүүдө.
Быйыл буудайдын түшүмдүүлүгү жогору болуп, анын пландалган аянттарынын 80,2 пайызы жыйналды. Буудайдын жалпы дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу 30,8 пайызга өскөн.
Арпанын да пландалган аянттарынын 59 пайызы жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 25,1 центнерди түздү. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда 15,1 пайызга жогору. Жүгөрү жана чанактуу өсүмдүктөрдү жыйноо иштери жаңыдан башталды.
Аймактарда оруп-жыйноо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Чүй облусунда пландалган аянттардын 63 пайызы жыйналса, Ош облусунда былтыркыга салыштырмалуу 20,1 пайыздык өсүш катталды. Жалал-Абад облусунда 56,5 пайыз, Баткен облусунда 62,3 пайыз аянт жыйналып бүттү.
Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында климаттык шарттарга байланыштуу массалык оруп-жыйноо иштери эми күчүнө кирүүдө.
Дан эгиндеринен тышкары, жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноодо да өсүш байкалууда. Өткөн жылга салыштырмалуу жашылча өндүрүшү 6,1 пайызга, картошка 7,9 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 20,4 пайызга өстү.
Учурда жашылчанын пландалган аянттарынын 41,1 пайызы, картошканын 20,6 пайызы жана бакча өсүмдүктөрүнүн 44,8 пайызы жыйналды.
Техникалык өсүмдүктөрдөн пахта, тамеки жана кант кызылчасын жыйноо иштери азырынча алгачкы этапта турат.

