Кызыл-Кыя шаарында социалдык жана стратегиялык объекттердин кышкы мезгилге даярдыгы текшерилди
Новость

Кызыл-Кыя шаарындагы социалдык жана стратегиялык объекттердин күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда облус башчысынын орун басары Абдурашит Ташбалтаев тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө "Кызыл-Кыя жылуулук муниципалдык" ишканасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун имараты, шаардык төрөт үйү, билим берүү мекемелеринин жылуулук берүү мезгилине даярдыгы каралды.

Анда жылуулук системаларынын абалына, отун базаларынын даярдыгына жана социалдык объекттердин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу жана күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.