Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы күрөштү күчөтүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой 2026-жылдын 7 айында мыйзамсыз балык уулоо фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында 170 текшерүү жана рейддик иш-чара жүргүзүлдү.
"7 айдын жыйынтыгы менен 226 мыйзам бузуу фактысы боюнча жоопкерчилик чаралары көрүлдү. 470 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 1 059 198 сом өлчөмүндө доолор коюлду. Суу объектилеринен 99 220 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылып алынды. Бул - дээрлик 100 чакырымга барабар синтетикалык торлор", - деп айтылат маалыматта.