Атайын жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында өлкө аймагында өзгөчө коркунучтуу синтетикалык баңги каражаттарын жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын жолго койгон эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда операциянын жүрүшүндө кылмыштуу топтун үч мүчөсү 2002-жылы туулган А.Т.А., 2000-жылы туулган А.у.Д жана 2000-жылы туулган ОР.Н. кармалды.
А.Т.А. жана А.у.Д. аттуу жарандардын транспорт каражатын кароо учурунда өзгөчө ири өлчөмдөгү синтетикалык баңги каражаттары табылган. Ошондой эле, О.Р.Н. аттуу жарандан жеке тинтүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдөгү ушундай эле заттар (көрсөтүлгөн өлчөмү 6-7 миң бир жолку дозага барабар) алынган.
Аталган баңги каражаттарынын көмүскө рыноктогу болжолдуу чекене баасы 10 миллион сомдон ашат.
Алынган заттар калктын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирген өзгөчө кооптуу синтетикалык баңги каражаттарынын категориясына кирет. Аларды бир эле жолу колдонуу да көз карандылыкка жана оор кесепеттерге, анын ичинде курч психикалык бузулууларга, борбордук нерв жана жүрөк-кан тамыр системаларынын жабыркашына, ошондой эле өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Учурда кылмыштуу ишмердүүлүктүн бардык шериктерин жана баңги каражаттарын жеткирүү каналдарын аныктоо боюнча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары улантылууда.
КР УКМК эскертет: баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет. Ар бир бөгөт коюлган канал — алдын алынган кылмыштар, жарандардын сакталган өмүрү жана улуттук коопсуздукту чыңдоо.