Таластагы “Баластан” оюн-зоок борборунун курулушу 85 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда курулуш министри Нурдан Орунтаев борбордогу иштердин жүрүшү менен таанышты. Учурда объектиде 400гө жакын жумушчу эмгектенүүдө.
Министр курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнө көңүл буруп, иштерди белгиленген графикке ылайык сапаттуу бүткөрүү боюнча тиешелүү жооптуу кызматкерлерге тапшырмаларды берди.
Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат. Долбоордо заманбап аттракциондор, балдар үчүн оюн аянтчалары, анын ичинде өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн атайын зоналар, кинотеатр, конгресс-зал, коомдук тамактануу жайлары жана үй-бүлөлүк эс алуу жайлары каралган.
Объект пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлүп, Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот.