Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, 14-августта саат 15:34тө Казакстандын энергетикалык системасынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн бириктирген жогорку чыңалуудагы электр линиясында тышкы өчүрүү болгон.
Анын кесепетинен Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасы обочолонгон режимге өтүп, Кыргызстандын энергетикалык системасы да убактылуу өз алдынча иштөө режиминде иштеген.
Жабдуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн автоматтык коргоо системалары белгиленген тартипте ишке кирген.
Учурда энергетикалык системанын иштөө режими адистердин көзөмөлүндө. Энергетиктер электр менен камсыздоонун туруктуу схемасын калыбына келтирүү жана системанын ишин турукташтыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатышат.
Министрликтин маалыматы боюнча, учурда электр энергиясы өчүрүлгөн абоненттер жок. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип жатат.
Кыска мөөнөттүү электр үзгүлтүктөрүнүн себептери боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилет.