Саламаттык сактоо министри 87 жаштагы бейтапка стент коюу операциясын жасады
Новость

 14-август күнү КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиохирургия бөлүмүндө жүрүп жаткан оңдоо иштеринин абалы менен таанышып жаткан учурда, курч миокард инфаркты менен 87 жаштагы бейтаптын ооруканага тез арада жеткирилгенине күбө болду.

Бейтаптын абалы оор болгондуктан, ага шашылыш түрдө жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү зарыл болгон. Министр дарылоону уюштурууга ыкчам аралашып, инфарктка себеп болгон коронардык артерияга стент коюу операциясын өзү жүргүздү.

Зарыл болгон медициналык жардам -стент коюу операциясы - «КМИ 24/7» курч миокард инфаркты программасынын алкагында бейтапка акысыз көрсөтүлдү.