Кел-Суунун аймагы таштандылардан тазаланды
Новость

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кел-Суу көлүнүн жээгинде тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Ак-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу «Ак-Моюн» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана Кел-Суу, Көк-Кыя аймактарында туризм тармагында иш алып барган жарандар катышты.

Тазалоо иштери көлдүн жээгинин санитардык абалын жакшыртууга жана жаратылышты таза сактоого багытталган. Мындай иш-чаралар Кел-Суу көлүнүн аймагында мезгил-мезгили менен уюштурулуп турат.

Ошондой эле тазалык иштерине жергиликтүү тургундардын жана туризм тармагындагы жарандардын активдүү катышуусу экологиялык маданиятты жогорулатууга жана жаратылышты коргоого өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Кел-Суу көлүндөгү таштандылар тууралуу маалыматтар тараган. Тиешелүү маалыматтарга караганда, акыркы үч күндө жааган тынымсыз жамгырдан улам көлдүн деңгээли көтөрүлүп, айрым таштандылар көлдүн аймагына сүрүлүп келген.