16-августта ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Ак-Тилек автожол" өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүп турган туруктуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Чек ара кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары акчалай сый акы үчүн коммерциялык жүктөрдү ташыган оор жүк ташуучу унаалардын Кыргыз Республикасынын аймагына тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздап, ошол эле учурда расмий документтерде аларды бош унаалар катары катташкан.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик Чек ара кызматынын аскер кызматкери Э.у.Ч., Салык кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын Түндүк аймактык кызматкерлери Ж.М.Т. жана О.К.И., ошондой эле оор жүк ташуучу автотранспорттун айдоочусу Н.М.С. КР ЖПКсынын 96-беренесине ылайык кармалып, жогоруда аталган адамдар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.