Рысгүл Акимжанова министрдин орун басары болуп дайындалды
Новость

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон жарлыкка ылайык, Акимжанова Рысгүл Абдыманаповна Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. 

Андан сырткары министрликин айрым башкармалыктарынын жетекчилери дайындалып, алар министрликтин жамаатына тааныштырылды.