Чүй облусунда 100 орундуу облустук төрөт үйүн жайгаштыруу үчүн имаратты даярдоо иштери уланууда
Новость

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында мурдагы оорукананын имаратын капиталдык оңдоо иштери уланууда. Оңдоо аяктагандан кийин бул жерде 100 орундуу облустук төрөт үйүн жайгаштыруу пландалууда.

Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен 200 млн сом бөлүнгөн. Ал эми төрөт үйүнө керектүү медициналык жабдууларды сатып алууга кошумча 89 млн сом каралган.

Учурда имарат капиталдык оңдоонун акыркы баскычында турат. Фасаддык иштердин басымдуу бөлүгү бүткөрүлүп, терезелер орнотулду. Ички жасалгалоо, инженердик коммуникацияларды жана желдетүү системаларын монтаждоо иштери уланууда.

Долбоор ишке ашкандан кийин Чүй облусундагы аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн заманбап шарттар түзүлөт. Медициналык мекеме тиешелүү инфраструктура жана жаңы жабдуулар менен камсыздалат.

Учурда Чүй облустук төрөт үйү мурда бала бакча катары пайдаланылган имаратта жайгашкан. Жаңы имараттын ишке кириши адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана бейтаптар менен медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Саламаттык сактоо министрлиги объекттеги оңдоо жана жабдуу иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоо пландалууда.