Ак-Талаа районундагы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылына карата оңдоп-түзөө жана күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө.
Райондогу мектептерди оңдоп-түздөө иштерине республикалык бюджеттен 2 миллион 529 миң 300 сом бөлүнгөн. Ал эми балдар бакчаларын ремонттоо үчүн бир миллион 83 миң 500 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат катчысы билдиргендей, билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына жана күз-кыш мезгилине даярдыктары комиссия тарабынан текшерилип, 20-августка чейин толук бүткөрүү тапшырылды.