Баткен районунда дарыяга түшүп кеткен жаран 7 күндөн бери изделүүдө
Новость

Баткен районунда дарыяга түшүп кеткен жаран 7күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылдын 10-август күнү саат 18:00 чамасында Баткен районунун Кожешкен жайлоосунун Кулп жерлигинде Баткен районунун Чоң-Кара айылынын 1978-жылы туулган тургуну Базарбаев Дайырбек Кожешкен дарыясына агып кеткен. Аталган маалымат Баткен РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, жаранды издөө иштери уюштурулган.

Учурда издөө иштерине кошумча күчтөр тартылып, үч багытта, тактап айтканда, Зардалы, Жылуу-Суу-Таян жана Ак-Турпак айылынын багыты боюнча жүргүзүлүүдө.

Издөө иштерине катышкан кызматкерлерге Баткен РИИБинин жетекчилиги тарабынан тиешелүү нускамалар берилип, издөө иштери көзөмөлгө алынган.

775319225_1083996620985635_942879442780030650_n.jpg 70.32 KB