Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды эл аралык иш-чараларда биримдикти жана маданиятты көрсөтүүгө чакырды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өлкөдө өтө турган маанилүү эл аралык иш-чараларга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Ал алдыдагы эл аралык масштабдагы иш-чаралар учурунда айрым жолдор убактылуу жабылып, жол кыймылына чектөөлөр киргизилерин белгиледи. Мындай чаралар жарандар үчүн белгилүү бир ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн экенин айтып, коомчулукту түшүнүү менен мамиле кылууга, сабырдуулукту жана маданияттуулукту сактоого чакырды.

"Келген коноктор кыргызстандыктардын кең пейилин, намысын, маданиятын жана адамгерчилигин көрүп кетсин. Келгиле, бул күндөрү ар бирибиз колдон келген жардамыбызды берип, тартипти сактап, бири-бирибизге кол кабыш кылалы. Анткени бул бир эле мамлекеттик иш эмес. Бул — ар бирибизге тиешелүү жоопкерчилик. Бул - Кыргызстаныбыздын жүзү", - деп белгиледи Дайырбек Орунбеков.

Ошондой эле ал кыргыз элинин биримдиги, ынтымагы жана адамгерчилиги кыйын учурларда өзгөчө көрүнүп келгенине токтолду. Эл ар кандай сыноолордо бири-бирине жардам берип, муктаж болгондорду жалгыз калтырбай, бир муштум болуп бириге аларын далай ирет көрсөткөнүн белгиледи.

"Эми ошол ынтымагыбызды жакшы күндөрдө да көрсөтөлү. Биримдигибизди иш менен далилдеп, Кыргызстанды татыктуу көрсөтөлү. Биримдигибиз менен үлгү бололу. Маданиятыбызды даңазалайлы. Кыргызстанды татыктуу көрсөтөл", - деп айтылат кайрылууда.

Дайырбек Орунбеков алдыдагы эл аралык иш-чаралар өлкөнүн аброю үчүн маанилүү экенин белгилеп, жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылууга жана келген конокторго кыргыз элинин меймандостугун көрсөтүүгө үндөдү.