Баткен шаарынын техникалык базасы жаңыланууда. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимиов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана «Желмаян» атайын техникасы Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каржыланып, Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынган.
Техникалар Баткен шаардык муниципалдык автобазасына өткөрүлүп берилип, шаарды көрктөндүрүү, тазалык иштерин жүргүзүү, жолдорду оңдоо жана башка муниципалдык иштерде колдонулат. Жаңы техникалардын ишке кириши шаардык кызматтардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, аткарылып жаткан иштерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.





