Бишкектеги Садыгалиев көчөсүндө 1200 орундуу жаңы мектеп курулууда
Новость

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулууда. Алардын бири - Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан 1200 орундуу мектеп.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жаңы мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анда лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы жайгашат.

Мектептин курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Учурда имараттын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылууда. Мындан тышкары, ички жасалгалоо иштери комплекстүү жүргүзүлүп, шыбак иштери аяктап калды.

Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин, эки нөөмөттө 2500гө жакын окуучу билим ала алат.

Аннотация 2026-08-17 153436.jpg 316.2 KB