Ысык-Көл облусунда өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жана жаңы өндүрүш ишканаларын ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. 2024-жылы 9, 2025-жылы 12 ири өнөр жай ишканасы ишке берилсе, 2026-жылы дагы 9 ишкананы ишке киргизүү пландалууда.
Алардын арасында күн электр станциялары, чакан ГЭСтер жана Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ак-Суу райондорундагы кыш заводдору бар. Долбоорлордун бир бөлүгү чет өлкөлүк инвесторлордун каражаттарынын эсебинен ишке ашууда.
Инвестициялык келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгы, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү негизги талаптардын бири катары каралууда. Бул долбоорлор аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга жана өнөр жай өндүрүшүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.