Чүй облусунун Маловодное айылында жергиликтүү айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү "Сан Планет Органик" заводу ишке кирет.
Ишканада мөмө-жемиш жана жер-жемиштерден, жаңгак менен балдан табигый жана пайдалуу азыктар, ошондой эле жаңгак пастасы жана башка продукциялар өндүрүлөт.
Долбоордун алкагында 60 туруктуу жана 400гө чейин сезондук жумуш орду түзүлөт. Өзгөчө аялдарды жумуш менен камсыз кылууга көңүл бурулуп, ишкананын кызматкерлеринин кеминде 80 пайызын аялдар түзөт.
Жаңы ишкана айыл жериндеги тургундар үчүн жумуш орундарын көбөйтүп, аялдардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга жана үй-бүлөлөрдүн кирешесин арттырууга өбөлгө түзөт.