Кыргызстандын өнөр жайында өсүш катталды
Новость

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 525,3 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2%га көп.

Өсүш негизинен тазаланган мунай продукцияларын өндүрүүнүн 1,8 эсеге, химиялык продукциянын 2,9 эсеге, транспорт каражаттарынын 41,8%га, жыгач жана кагаз буюмдары менен полиграфиялык продукциялардын 37,5%га, курулуш материалдарынын 33,6%га көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Мындан тышкары, пайдалуу кендерди казып алуу 16,9%га, фармацевтикалык продукция өндүрүү 13%га, негизги металлдар 8,5%га, ал эми тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки продукциялары 2,4%га өстү.

Ошол эле учурда текстиль жана кийим өндүрүшүндө продукциянын көлөмү 7,1%га төмөндөгөн.

Өнөр жай тармагынын ИДПны түзүүгө кошкон салымы 2 пайыздык пунктту түзүп, ИДПнын өндүрүш түзүмүндөгү үлүшү 19,6% болду.