18-августа Кыргызстанда биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен кохлеардык импланты бар балдар үчүн заманбап сүйлөө процессорлору сатып алынды. Австралиядагы Cochlear компаниясынан түздөн-түз 35 аппарат алынып, алардын жалпы наркы 30 млн сомду түздү.
Сүйлөө процессорлорун тапшыруу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде өттү. 18-августта алгачкы 11 бейтапка аппараттар тапшырылып, адистер ар бир адамдын өзгөчөлүгүнө жараша жабдууларды орнотуп, жекече жөндөөлөрдү жүргүзүштү.
Калган алуучуларга сүйлөө процессорлору 19-20-август күндөрү берилет.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы, тиешелүү адистер, ата-энелер жана угуусу начар балдар катышты.
Сүйлөө процессору — кохлеардык имплантация системасынын тышкы бөлүгү. Ал айлана-чөйрөдөгү үндөрдү кабыл алып, иштеп чыгып, сигналдарды импланттын ички бөлүгүнө өткөрүп берет. Бул аппарат угуусу олуттуу начарлаган адамдардын үн маалыматтарын кабыл алуусуна, баарлашуусуна, билим алуусуна жана коомго аралашуусуна шарт түзөт.
Министрдин орун басары Аида Исатбек кызы бул долбоорду маанилүү жетишкендик катары баалап, эгемендүүлүктүн 35 жылында биринчи жолу мамлекет тарабынан мындай кымбат баалуу аппараттарды сатып алууга бюджеттен каражат бөлүнгөнүн белгиледи.
Анын айтымында, бир сүйлөө процессорунун баасы болжол менен 800 миң сомду түзөт. Мындай жабдууларды үй-бүлөлөрдүн өз алдынча сатып алышы олуттуу финансылык чыгымга алып келет.
Кыргызстанда угуусу начар балдарды жана чоңдорду мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап сүйлөө процессорлору менен камсыз кылуу иши мындан ары да улантылат. Эмгек министрлиги техникалык реабилитациялоо системасын өнүктүрүү жана жарандарды заманбап реабилитациялык каражаттар менен камсыз кылуу багытындагы иштерди улантарын билдирди.







