Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы мүлктү мыйзамсыз күрөөгө берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылы Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция тарабынан Ж.К. аттуу жаранга 2 млн 500 миң сом өлчөмүндө пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардам берилип, анын кайтарылышын камсыздоо максатында Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы мончо күрөөгө коюлган.
Жеке жактын милдеттенмесин камсыздоо үчүн муниципалдык мүлктүн күрөөгө берилишине жол берген Барскоон айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын жооптуу кызмат адамдарынын аракеттеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун белгилери аныкталды.
Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.