Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы туристтик сезондун алкагында Кыргызстанга келген коноктордун жана жергиликтүү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган маалыматтык кампанияны жүргүзүүдө.
Маалыматка караганда кампаниянын алкагында туристтер көп жүргөн жерлерге керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө маалымат камтылган QR-коддуу көрнөк-жарнактар жайгаштырылды. QR-кодду телефон аркылуу окуу менен ар бир адам Кызматка электрондук түрдө кайрылуу жөнөтө алат же керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу видеону көрө алат. Маалымат кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилген.
Кызмат эскертет: керектөөчү катары укуктарыңыз бузулган учурда мамлекеттик органдарга кайрылууга толук укуктуусуз. Атап айтканда, төмөнкү учурларда кайрылса болот:
- сапатсыз товар сатылганда;
- товар же кызмат үчүн төлөнгөн акчаны кайтаруудан баш тартылганда;
- баада алдамчылык болгондо же жашыруун төлөмдөр алынганда;
- товар же кызмат жөнүндө маалымат берилбегенде;
- брондоо, жеткирүү, жашап туруу же экскурсиялык кызматтардын шарттары бузулганда;
- кошумча кызматтар таңууланганда.
Кайрылуу натыйжалуу каралышы үчүн чекти же квитанцияны, келишимди же брондоону тастыктаган документти, фото-видео материалдарды, ошондой эле кат алышууларды жана башка далилдерди сактап коюу сунушталат. Кайрылууда аты-жөнүңүздү, байланыш номериңизди, окуя болгон жерди жана күндү, кырдаалдын кыскача баяндамасын жана колдо бар далилдерди көрсөтүү зарыл.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ар бир кайрылууну карап, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт.