ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан күндөрү Бишкек шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт.
Маалыматка ылайык, 31-августта жана 1-сентябрда ГУМ "Чынар", ЦУМ "Айчүрөк", "Бишкек Парк", "Азия Молл", "Ала-Арча", "VEFA Центр", "Дом торговли", "Гоин", "Beta Stores 1" жана "Беш Сары Сити" соода борборлору иштебейт.
"Ош базары" жана "Сары-Өзөн" базарлары 31-августтан 2-сентябрга чейин, ал эми "Орто-Сай" базары 31-августта жана 1-сентябрда жабылат.
Мындан тышкары, 29-августта саат 15:00дөн тарта расмий делегациялар өтүүчү жолдордогу айрым жер алдындагы өтмөктөр жана кошумча соода түйүндөрү да убактылуу жабылат.
Шаарда 12 фан-зона уюштурулуп, ачылыш аземине жеткирүү үчүн 21 багыт боюнча шаттл-автобустар каттайт.