Кыргыз-кытай чек арасына жакын аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 19-августта таңкы саат 04:53тө болгон. Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Каракол шаарынан 165 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Адистердин маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү Кыргызстандын аймагындагы калктуу конуштарда сезилген эмес.