Бишкек шаарында 22-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин акыркы репетициясына байланыштуу айрым көчөлөрдө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Репетиция "Бишкек Арена" стадионунда өтөт. Буга байланыштуу саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө кыймыл чектелет:
– Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;
– Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди (Муромская) көчөсүнө чейин;
– Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;
– Махатма Ганди көчөсү — Аалы Токомбаев проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу киргизилген чектөөлөрдү эске алып, сапарларын алдын ала пландап алуу суралат.
Шаардык бийлик иш-чарага байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.