Бишкекте "Манас" музыкалык-хореографиялык спектакли көрсөтүлөт
Новость

2026-жылдын 21-августунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Чоң залында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун ыр-бий ансамблинин катышуусунда «Манас» музыкалык-хореографиялык спектаклинин салтанаттуу ачылышы өтөт.

Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө, чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин бай руханий мурасын кеңири жайылтууга багытталган.

Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри М.К. Мамбеталиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин, ошондой эле маданият тармагынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышат.

Көрүүчүлөргө Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун ыр-бий ансамблинин аткаруусундагы «Манас» музыкалык-хореографиялык спектакли тартууланат. Спектаклде музыка, хореография жана сахна өнөрү аркылуу улуу кыргыз эпосунун көркөм дүйнөсү ачылып берилет.

«Манас» эпосу кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, дүйнө таанымын, каада-салтын жана адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган руханий маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Кытайдагы кыргыз чыгармачыл жамаатынын катышуусунда спектаклдин көрсөтүлүшү маданий тамырлардын жалпылыгын айгинелеп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, гастролдук программанын алкагындагы көрсөтүүлөргө кирүү акысыз. Спектакль саат 19:00дө башталат.