2028-жылы өтө турган Көчмөндөр оюндарына Казань шаарын өткөрүүчү жер катары тандоо маселесинде Татарстан жеңишке жеткени маалымдалды. Бул тууралуу "БИЗНЕС Online" басылмасы өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, турнирди өткөрүү боюнча сунуштардын бири Казань менен Алтай Республикасынын биргелешкен талапкерлиги болгон. Бирок Алтайда эл аралык мелдешти өткөрүүгө жетиштүү инфраструктура жок экени белгилүү болгон.
Экинчи вариантта Казань жана Уфа шаарлары биргелешип оюндарды өткөрүү каралган. Бул талапкерлик акыркы этапта негизги фавориттердин бири болгон. Бирок Татарстан тараптын аракеттеринин натыйжасында турнирди толугу менен Казань шаарында өткөрүү чечими колдоого алынган.
Басылманын маалыматына ылайык, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов мелдешти уюштурууга кетчү чыгымдардын бир бөлүгүн республика өз мойнуна алууга даяр экенин билдирген. Бул позицияны Татарстан Республикасынын спорт министри Владимир Леонов Россиянын Спорт министрлигинин жетекчилигине жеткирген.
Буга чейин "БИЗНЕС Online" Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Татарстан жетекчилигине Көчмөндөр оюндарын Казань шаарында өткөрүү өтүнүчү менен кайрылганын жазган.
Көчмөндөр оюндарынын туусун өткөрүп берүү аземи Бишкекте быйылкы мелдештин жабылышында, сентябрь айынын биринчи жарымында өтөрү күтүлүүдө.
Көчмөндөр оюндары - көчмөн элдердин салттуу спорттук маданиятын даңазалаган эл аралык мелдеш. Анын программасына жаа атуу, ат чабыш жана башка улуттук спорттун түрлөрү кирет.