Нарын облусундагы Сары-Булак - Соң-Көл унаа жолунун 8,6–13,6-чакырым аралыгындагы жалпы узундугу 5 чакырымды түзгөн тилкеге асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жумуштар №14 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, сапат талаптары сакталуу менен аткарылды.
Жолдун бул бөлүгүнүн оңдолушу жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетип, Соң-Көлгө барган туристтер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүгө шарт түзөт.
Учурда Нарын облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда. Жол куруу иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.