2026-жылдын 13–15-август күндөрү Москва шаарында самбо боюнча эл аралык турнир өттү.
Мелдеште спорттук күрөш боюнча ОРАБӨСМнин тарбиялануучулары Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, төрт байгелүү орунга ээ болушту.
Мелдештин жыйынтыгында:
- Кубаныч уулу Адилет — 71 килограммга чейинки салмак ченинде 2-орун;
- Жакшылыков Байэл — 79 килограммга чейинки салмакта 3-орун;
- Ворошилин Никита — 98 килограммга чейинки салмакта 3-орун;
- Сухинин Илья — 98 килограммдан жогорку салмак ченинде 3-орун.
Бишкектик спортчулар эл аралык мелдеште ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын спорттук беделин татыктуу көрсөтүштү.


