Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында уюштурулган пресс-турдун алкагында журналисттерге Төлөйкөн айылындагы 275 орундуу жаңы мектептин курулушун тааныштырды.
Министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Бишкек, Ош жана Манас шаарларында ккрулуп жаткан 36 мектепте 80 миңге жакын окуучу билим ала аларын белгиледи.
Төлөйкөн айылындагы мектеп жаңы окуу жылында ачыла турган объекттердин бири. Анын курулушу 2025-жылдын июль айында башталган жана каржылоо Турукташтыруу фонду аркылуу жүргүзүлгөн.
Долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен курулуп, анда лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Учурда мектептин курулуш иштери дээрлик аяктап, объектти жаңы окуу жылынын башталышына карата пайдаланууга берүү пландалууда.