"Кыргызстанга заманбап өлчөөчү трансформаторлордун алгачкы партиясы жеткирилди"
Новость

Кыргызстанга бөлүштүрүүчү электр тармактарын жаңылоонун алкагында заманбап өлчөөчү трансформаторлордун алгачкы партиясы жеткирилди.

Жабдуулар "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" (МУРЭС) долбоорунун 2-компоненти — "Бөлүштүрүүчү тармакты санариптештирүү" багытынын алкагында сатып алынууда.

Бул багытта "АльянсСпецТех" ЖЧКсы менен жалпы суммасы 41 млн 640 миң сомдук келишим түзүлгөн. Анын негизинде 90 комплект өлчөөчү трансформатор жеткирилет.

Учурда келген биринчи партиянын жалпы наркы 13 млн 638 миң сомду түзөт. Анын курамында 10 жана 35 кВ чыңалуудагы заманбап ток жана чыңалуу трансформаторлору бар.

Жаңы жабдуулар электр тармактарындагы параметрлерди так өлчөөгө, релелик коргоо жана автоматика системаларынын ишенимдүү иштешин камсыздоого, ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоонун коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Өлчөөчү трансформаторлорду жаңылоо электр тармагын техникалык жактан жакшыртуу менен гана чектелбестен, энергосистеманы заманбап башкарууга жана санариптик технологияларды кеңири киргизүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

МУРЭС долбоорунун алкагында жабдууларды жаңылоо жана бөлүштүрүүчү электр тармактарын санариптештирүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.