Кыргызстанда Борбордук Азия боюнча алгачкы жолу абанын булганышына таасир эткен температуралык инверсияларга мониторинг жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Кыргызгидрометке заманбап МТР-5 метеорологиялык жабдуусун өткөрүп берди.
Бул жабдык абанын температурасын жерден 1000 метрге чейинки бийиктикте өлчөп, абада температуралык инверсия болуп жатканын аныктоого мүмкүндүк берет.
Температуралык инверсия деген эмне?
Жөнөкөй айтканда, бул учурда жерге жакын аба катмарынын кыймылы начарлап, түтүн, чаң жана башка зыяндуу заттар өйдө көтөрүлбөй, шаар үстүндө топтолуп калат. Мындай көрүнүш абанын булганышын күчөтүшү мүмкүн.
Жаңы жабдыктын жардамы менен адистер мындай көрүнүштөрдү үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, абанын булганышына аба ырайы кандай таасир берип жатканын так аныктай алышат.
Алынган маалыматтар абанын булгануу деңгээли эмне себептен жогорулап же төмөндөп жатканын кеңири талдоого жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча туура чечимдерди кабыл алууга жардам берет.
Мындай мониторинг системасы Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жатат.